Республикалык бюджеттин сентябрдагы кошумча чыгымдарына дагы 1 миллиард 536 миллион сом жумшалат
Республикалык бюджеттин кирешелеринин, ресурстарынын жана бюджеттик чыгашаларынын экинчи кошумча каржылык планына ылайык, сентябрда кошумча чыгымдарга дагы 1 миллиард 536 миллион сом жумшалат. Муну бүгүн, 25-сентябрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, каржылык эмес активдер боюнча чыгымдар 494 миллион сомду түзөт. Анын ичинде "имараттар жана курулмалар" беренеси боюнча чыгымдар – 427,1 миллион сом, "машиналар жана жабдуу" беренеси боюнча чыгымдар – 65,2 миллион сом, башка негизги фонддор боюнча чыгымдар – 1,7 миллион сом. Каржылык активдер боюнча чыгымдар 117 миллион сомду түзөт.
Операциялык чыгымдарга (министрликтер, ведомстволор жана бюджеттик мекемелер аркылуу каржылануучу чыгымдар) 834 миллион сом жумшоо пландалууда. Чыгымдардын көбүрөөк бөлүгү корголбогон беренелер (коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, транспорттук, командировкалык жана башка чыгымдар) боюнча жумшалат.
Ошондой эле бул каржы планында финансылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялоого 180,6 миллион сом каралган.
Эске сала кетсек, 2015-жылга негизги каржы планы боюнча республикалык бюджеттин жалпы чыгашаларынын финансылык планы 10,9 миллиард сом суммасында пландалган, сентябрга биринчи кошумча каржы планы боюнча 533 миллион сом кошумча каралган.

