super.kg logo

Сыймык Сапаров: “Башка партиялардан айырмабыз – социалисттик идеологияны карманганыбыз”

 

Бүгүн, 25-сентябрда “Ата Мекен” партиясынан депутаттыкка талапкер Сыймык Сапаров Кочкор районунун Туз, Ара-Көл, Оро-Башы, Эпкин жана Орток айылдарында шайлоочулар менен жолугушту.

Партиянын маалымат кызматынан билдиришкендей, жолугушууда жергиликтүү тургундар “Ата Мекен” өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү көйгөйлөрдү чече ала турган партия экенин айтышып, алдыдагы шайлоодо колдошорун белгилешти. Ошондой эле аймактагы бир катар көйгөйлөрдү белгилеп, аларды чечүү жолдорун караштырууну талапкерден суранышты.

“Ата Мекен” партиясы – социалисттик партия. Мамлекет лидерликти өз моюнуна алыш керек деген идеология - социалисттик идеология. Башкалардан биз ушунубуз менен айырмаланабыз”,- деген Сыймык Сапаров элге кайрылып, келе жаткан шайлоодо өз келечектерин илгерки ичип-жегичтерге сатпоону суранып, 4-октябрь күнү мамлекетибиздин келечеги үчүн “Ата Мекен” партиясына добуш берүүгө чакырды.

Мындан тышкары жолугушууда аймактагы социалдык маселелер да айтылып, аларды чечүү жолдору караштырылары убадаланды.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: