super.kg logo

Жылнаама, 27-сентябрь: Мындан 82 жыл мурун дүйнөдөгү "эң жаш эне" атка конгон Лина Медина туулган

 
* Мындан 47 жыл мурун, 1968-жылы ЖКнын экс-депутаты Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Барпы айылында туулган. 1992-жылы Томск мамлекеттик университетин инженер-химик адистиги боюнча, 1999-жылы Кыргыз улуттук университетин юрист адистиги боюнча аяктаган. Камчыбек Ташиев 1987-1989-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 
Эмгек жолун 1993-жылы “Мээрим-Ай” өндүрүштүк-коммерциялык фирмасын негиздеп жана жетектөө менен баштаган. 2010-жылдын декабрынан тартып 5-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланып, “Ата Журт” депутаттык фракциясынын лидери болгон. Ал эми 2013-жылдын 20-августунда Борбордук шайлоо комиссиясы “ата журтчу” депутат Камчыбек Ташиевди депутаттык мандатынан ажыраткан.
 
* Мындан 82 жыл мурун, 1933-жылы дүйнөдөгү "эң жаш эне" атка конгон Лина Медина Перуда туулган. Ал 5 жаш 7 айында эле эне болууга жетишкен. Азыркы учурда ал медицинанын тарыхындагы эң жаш эне болуп эсептелинет. 
Линанын ата-энеси анын ичи чоңоюп кеткенинен улам доктурга кайрылышкан. Доктурлар алгач шишик бар деп ойлошсо, аздан соң Линанын жети айлык боюнда бар экени билинген. Ушундан бир жарым ай убакыт өткөн соң, 1939-жылдын 14-майында Лина эркек балалуу болгон. Линанын жамбаш сөөгү жакшы өөрчүбөгөнүнө байланыштуу ал эң мыкты адистердин катышуусу астында операция жолу аркылуу көз жарган. 2,7 кг салмакта төрөлгөн наристеге Херардо деген ысым ыйгарышкан. Херардо Линаны өз эжесиндей көрүп чоңойгон, он жашка чыкканда гана ал өзүнүн энеси экенин билген. Ден соолугу чың болуп чоңойгону менен, тилекке каршы, 1979-жылы кырк жаш курагында сөөк оорусунан каза болгон. Кийинчерээк Медина Раул Жерадо аттуу жигитке турмушка чыгып, андан 1972-жылы экинчи эркек баласын төрөгөн.
* Мындан 20 жыл мурун, 1995-жылы дүйнө жүзүндөгү эң узун бойлуу кыз Элисани Сильва Бразилияда төрөлгөн. Анын бою 206 сантиметрди түзгөн. Адистердин айтымында, анын бою жыл сайын өсүп турган. Мектепке барыш үчүн автобуска батпай калган. Бул сыяктуу кордуктарга чыдабай мектепти таштап койгон Элисани Сильва модель болууну самаган.

* Мындан 12 жыл мурун, 2003-жылы тоолуу Алтайда күчү 7,3 баллга жеткен зилзала болгон. Мунун кесепетинен көптөгөн көчкүлөр түшүп, жерде жаракалар пайда болгон. 2 миңге жакын турак үй, 25 мектеп, 16 оорукана бузулуп, Бельтир айылы толугу менен кыйраган.
27-сентябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
26.09.2015. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
5-жашында торогонду ойлосом да окшошпой атат,тооба мумкун эмес го
27.09.2015. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тообо кантип эле 5 жашар кыз торосун калпты да эби мн айтыш керек,эч кандай энелик гармондор даяр эмес
27.09.2015. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mars55, видеосу менен бар го торогону чын
27.09.2015. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимден болду экен баласы
27.09.2015. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
korul.alai001, эч кимге айтпаптыр кимден экенин. Атасынан коруп атасын камакка алышкан экен эч кандай далилдери жок кайра камактан бошотушкан деп айтылат видеосунда.
27.09.2015. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр бул аял тиру ушул жашка келип да атасы ким экенин атпаган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: