Жылнаама, 28-сентябрь: Мындан 118 жыл мурун казак жазуучусу Мухтар Ауэзов туулган

Г.Айтиев - кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү, улуттук профессионал сүрөт өнөрүнүн негиздөөчүсү, СССРдин Эл сүрөтчүсү. Ал 1984-жылы 16-декабрда 72 жаш курагында көз жумган.
* Мындан 86 жыл мурун, 1929-жылы композитор жана дирижёр, КРнын Эл артисти (1974), СССРдин Эл артисти (1979), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1991) Калый Молдобасанов Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Терек айылында туулган. Молдобасановдун симфониялык бийлери, сюиталары, кантаталары, ондогон аспаптык пьесалары, 50дөй вокалдык жана башка чыгармалары бар. Ал элдик обон-күүлөрдү иштеп чыккан, эл аспаптар оркестри үчүн оригиналдуу чыгармаларды жараткан. Балдарга арналган ырлары жана аспаптык чыгармалары да арбын ("Кыргыек", "Бак тигели", "Кызыл топ", "Жамгыр" жана башкалар). Элге кеңири таанылган чыгармалары: "Гүлдө, Кыргызстан" (1964), "Шаңдан, Кыргызстан" (1974) кантаталары, "Биздин күндүн адамдары", "Достук", "Бактылуу жаштык" симфониялык сюиталары, "Кыздын ыры" (1963), "Жайлоодо" (1958), "Өрттөнсүн бозой жалынга" (1961), "Көл вальсы" (1969) ырлары жана башкалар.
* Мындан 118 жыл мурун, 1897-жылы казак жазуучусу Мухтар Ауэзов Семей уездиндеги Чынгыз болуштугунда (азыркы Чыгыш Казакстан облусу, Абай району) туулган. Жаштайынан орус тилинде окуп, кийин Санкт-Петербург университетинин филология факультетин бүтүргөн. Ташкенттеги Орто Азия университетинде аспирантурада окуп жүргөн кезде “Манас” эпосуна кызыгып, иликтей баштаган. Казак адабиятынын классикасына айланган “Абай жолу”, “Көксерек”, “Енлик-Кебек” ж.б. чыгармалардын автору.
* Мындан 59 жыл мурун, 1956-жылы америкалык авиаконструктор Уильям Боинг 74 жаш курагында жүрөк оорудан каза тапкан.


Казак жазуучусу Мухтар Ауэзов 1961-жылы жайында Москвага дарыланууга келип, 27-июнь күнү операция убагында 63 жаш курагында көз жумган.

Дүйнөлүк авиацияга зор салым кошкон америкалык инженер Уильям Боинг 1881-жылы 1-октябрда машина куруу менен атагы чыккан АКШнын Мичиган штатындагы Детройт шаарында төрөлгөн. Йель университетин аяктаган соң ал атасы менен жыгач сатып иштейт. Лос-Анжелестеги авиаторлордун чогулушуна 1908-жылы катышкандан кийин ал аэроплан курууга баш-оту менен кирип кеткен. Америкалык конструктор 1916-жылдын 15-июлунда азыркы күнгө чейин атактуу “Боинг” компаниясын түптөгөн. Компания 12 жүргүнчүгө ылайык алгачкы учакты 1929-жылы учурган. Ошондон бери Уильям Боингдин компаниясы АКШнын гана эмес, дүйнөлүк авиациянын бирден-бир лидери болуп саналат.
28-сентябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.