super.kg logo

Милиция: "Бишкекте унаа уурдоо менен негизинен 16-25 жаштагы жумушсуз балдар алектенишет"

 

Бишкекте жылдын башынан бери 89 унаа уурдоо катталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, аталган унаа уурдоолордун 74 фактысынын бети ачылган. Мындай кылмыштарды көп учурда 16-25 жаштагы жумушу жок балдар жасашат. Алардын бир бөлүгү буга чейин соттолгондор. Унаа уурдоо фактыларынын 80 пайызы кечки маалда, 20 пайызы күндүз орун алган.

Унаа уурдоодо төмөнкү ыкмалар колдонулат: жандыруу кулпусун бузуп, зымдарды туташтыруу (65 пайыз), ачкычты колдонуу аркылуу (20 пайыз), кандайдыр бир буюмду колдонуу менен ачуу (11 пайыз) жана башка ыкмалар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: