super.kg logo

Окуучуларды токмоктоо, өлтүрүү фактылары боюнча өкмөттө атайын комиссия түзүлдү

 

Мектеп окуучуларын токмоктоо, өлтүрүү фактылары боюнча өкмөттө атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Нарын облусундагы Жумгал районунун Көк-Ой айылына иш сапары менен барып, С.Турусбеков атындагы орто мектептин мугалимдери менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чарада 9-классынын окуучусунун өлүмүнө байланыштуу окуя талкууланды.

"Бул окуяны мен өз көзөмөлүмө алам. Тилекке каршы, бул кырсык өлкөдө биринчи жолу болуп жаткан жок. Өкмөттө окуучуларды өлтүрүү фактылары боюнча жыйынтык чыгаруучу комиссия түзүлдү. Мындай окуялардын болушуна мугалимдердин да, ата-энелердин да күнөөсү бар, анткени ата-энелер тарабынан тарбия берүү начар болуп жатат. Биз учурдагы кырдаалды жакшыртууга бардык чараларды колдонобуз", -деди вице-премьер-министр.

Эскерте кетсек, 19-сентябрда Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылындагы Турусбек уулу Султан атындагы орто мектебинде 11-класстын окуучулары 9-класстын окуучуларын ур-токмокко алышып, жыйынтыгында Жекшенбек уулу Эркинбек аттуу жашы жете элек өспүрүм каза тапкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.09.2015. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул олумду алдын алса болбойт беле. Мектеп рэкетин жок кылууга болобу. Балдарды мектепке жоноткондон коркосун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: