super.kg logo

Кара-Көлдө "11 жашар окуучу кызды жип менен муунтуп өлтүргөн" деп кармалган адам буга чейин 6 жолу соттолгону аныкталды

 

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында "музыкалык окуу жайынан үйүнө бараткан 11 жашар кызды сейил багында жип менен муунтуп өлтүргөн" деп шектелген 35 жаштагы адам буга чейин 6 жолу соттолгон. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда SUPER.KG'ге Жалал-Абад ОИИБинен маалымдашты.

"Кылмышка шектүү адам 1980-жылы туулган Токтогул районунун Торкен айылынын тургуну экени анык болду. Ал буга чейин "уурдоо", "башкага берүү максатын көздөбөстөн, баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү" беренелери боюнча соттолуп, камакта отурган. Бир апта мурун ал түрмөдөн чыккан экен. Тергөөчүлөр аймактагы күрөөканалардын биринен маркумга таандык алтын сөйкөнү табышкан. Мындан тышкары жергиликтүү ашканалардын биринен кыздын уюлдук телефону табылган. Кылмышка шектүү адам сөйкөнү 600 сомго, телефонду 400 сомго саткан экен",- дешти облустук милициядан.

Айта кетсек, кечээ, 25-сентябрда саат 15:20 чамасында Кара-Көл шаардык сейил багынын күн чыгыш тарабынан 2004-жылы туулган кыздын жансыз денеси табылган. Ата-энесинин берген маалыматы боюнча, ал саат 9:00дө Кара-Көл шаардык музыкалык окуу жайына сабакка кеткен, колунда комузу болгон. Ал жарым сааттан кийин келиши керек болчу, бирок үйгө келген эмес. Анын жансыз денеси табылган жерден комузу табылган жок.

Бул факт боюнча “адам өлтүрүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Жалал-Абад ОИИБинин тажрыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам топ түзүлүп, кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү жаран кармалган. Учурда соттук-медициналык экспертизалар жүргүзүлүүдө. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(17)
26.09.2015. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кагылайын наристе кыз ай,ушундай канкорлорду неге бошотушат,6 жолу соттолсо,не деген заман болуп кетти. Кыргыздар эн жаман калк болуп калдык,бир сойко,телефон учун наристенин омурун кыйып. Акмак,колуна шал тийгир десе,олупкеткир айбан.
26.09.2015. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акыр заман жакындаган сайын адамдар бирин бири олтуруудон коркпой калат
26.09.2015. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай адамдарды эмне кылыш керек? кандай жаза бар? ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2015-09-28 12:35:17
26.09.2015. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акыркы кундору ушундай жагымсыз кабарлар коп болуп жатат, оо кыргызым ойлонолучу! Жаш балдардын олуму коп катталып жатат мындай зоокурлорго олум жазасын колдонуш керек. Бийликтегилер ойлонуу керек жаш,он гулунун бир гулу ачыла элек балдарда эмне куноо жаш балдарга зомбулук корсоткон зоокурлорго катуу чара колдонууну олум жазасын бекитип бергиле.
27.09.2015. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alixan-Nookat.2015, ооба биздин бийликтегилер качан ойлонот бул зоокурлорго тезинен олум жазасын киргизуу керек болбосо дагы эле ушундай жагымсыз окуялар боло берет. ооо бийликтегилер айланайындар ойлонгулачы козунорду чоонурак ачкылачы.
26.09.2015. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мейли коркутуп тел мн сойкосун алып кете бербейби олтуруп салбай,байкуш бул дуйнонун даамын жакшы татпай кете берди Аллахым бейиш насип этсин,ал эми алдагы зоокурго турмодон сазайын берсин
26.09.2015. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
6-жолу соттоп адам кыла албагандан кийин,аны эмне боштондукка чыгардынар.11 жашар кыздын убалы кимге?Буга жооп бере турган деги ким бар?Калп эле элди алдап убада бергенден башка эч нерсе жок.
26.09.2015. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне учун ушундай окуялар биздин Кыргызстанда коп болуп жатат.Казакстан,Озбекстан,Россиядан жана башка олколордон мынчалык кундо зордуктаганды укбайбыз,тем более алардын калкынын саны коп.Биздин Кыргызстанды терс энергия ээлеп алган жок бекен.
26.09.2015. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bolotbai, эшектин этин 3 4 жылдан бери сатып журушсо аны жеген адамдар бузулдубу деп ойлойм кытайлар эшектин этин жегени учун адамдын оюна келбеген нерселерди жасайт эмеспи кудай аларды жазалап жаратылыштын коп кырсыктарына кабылышат биздин алакандай элди боодо кырсыктан сактасын тиги зоокурлорго кыйноо менен олум жазасын бермейин мындай иштер кайталана берет
26.09.2015. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emnege 6 jolu sottolgon akmakty erkindike koio beriwken. Je bizde ataiyn organ jokpu ziandy kylmywkerdi jok kylgan koomdy tazalagan ?!
26.09.2015. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка мамилекетерде акыйкат бар пара алу жок биздин соторду жок кылыш керек ушундай адамдарды билип туруп бош коюп канчалаган бе куно адамдар коздорудон жаш эмес кан агып жатат
26.09.2015. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкущ наристе.ата энесине сабыр берсин.ден соолук омур берсин..
26.09.2015. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зокурду да ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2015-09-28 12:45:06
26.09.2015. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ала турганын алып олтурбой эле койбойбу болбогон нерсе учун киши олтуруп, адам эмес айбан да кылбайт андай мыкаачылыкты, келип-келип ошол наристеге жетиптирби кучу
aza_74 түзөттү 2015-09-26 19:46:52
28.09.2015. 08:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2015-09-28 12:45:26
28.09.2015. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олум жазасын киргизиш керек.
Модератор admin_portal түзөттү 2015-09-28 12:45:41
28.09.2015. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалпы эскертүү!
Ачууга алдырып порталдын эрежелерине туура келбеген билдирүүлөрдү жазуудан алыс болсоңуздар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: