Мелис Мырзакматов: “Биздин соттор мени эмнеге соттоп жатышканын билишпейт”

“Улуттар биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматов өзүнө карата козголгон кылмыш ишин мыйзамсыз жана соттун чечимин жөн гана саясий буйрутманы аткаруу деп баалады. Бул тууралуу ал өзүнүн видеокайрылуусунда билдиргенин "Ата Мекен" партиясынын басма сөз кызматы жарыялады.
Кайрылууда ал: “Биздин соттор эмнеге соттоп жатышканын өздөрү түшүнүшпөйт. Алар мени жөн эле соттошту. Эч кандай негиз жок. Мен көпүрө кургандыгым үчүн эмес, курам деген идеяны көтөргөндүгүм, ушул нерсе керек дегеним үчүн соттошту”,- деп билдирүү менен бирге бул кыргыз өлкөсүнүн эле эмес, дүйнөлүк тарыхта болбогон терс көрүнүш экенин айтканы жазылат партиянын маалыматында.
“Ал эми көпүрөнү куруу маселесине келсек, бардык мыйзамдар, процедуралар сакталып, мыйзам чегинде башталган. Баштапкы долбоорду бузуп, көпүрө менен эстакадалык көпүрөнүн айырмасын билбеген элдин башын айлантып, кичинекей, талапка жооп бербеген көпүрөнү куруп жатышат. Бүгүнкү долбоор боюнча салынып жаткан көпүрө эч кандай маселени чечпейт, жаңыланганына карабастан, мурдагы эле көйгөйлөр кала берет”,- дейт Мырзакматов.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду
Мелис Мырзакматовдун жаңы видеокайрылуусу



