Мелис Мырзакматов: “Текебаев мени алдап кетет деп ойлобойм”

“Улуттар биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматов видеокайрылуу жасады. Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кайрылууда Мырзакматов “Ата Мекен” партиясы менен кызматташуу тууралуу чечим кабыл алууга себеп болгон жагдайларга токтолот. Анын айтымында, Кыргызстандын кендирин кесип жаткан маселелер боюнча эки партиянын пикирлери дал келгендиктен, “Улуттар биримдиги” партиясы “Ата Мекен” менен кызматташуу тууралуу бүтүмгө келишкен.
“Мындан ары парламенттик башкарууну өнүктүрүү, бекемдөө, коррупцияга, жемкорлукка, эки жүздүүлүккө, уурулукка каршы аёосуз күрөштү улантуу, түзүлгөн күндөн баштап Кыргызстандагы мыйзамдуулук, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү, парламентаризм системинин өнүгүшү үчүн жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөшүп келаткан жападан-жалгыз партия - “Ата Мекен”. Бул партия тизмесин Ак үй менен макулдашкан жок. Бул эмне дегендик? Бул деген өз алдынчалуулукту, өз принцибин өзү коргой ала тургандыгынын белгиси. Буюрса, “Ата Мекен” менен “Улуттар биримдиги” элдик партиясы өз максатына жетет”,- дейт М.Мырзакматов өзүнүн кайрылуусунда.
Ал эми “Өмүрбек Текебаев Мелис Мырзакматовду алдап кетет, аны шайлоо алдында гана колдонуп жатат” деген кептер айтылып жатканын жана ал сыяктуу айтылган кептер тууралуу оюн төмөндөгүчө билдирет:
“Доордун, мамлекеттин же адамдын тарыхы болот. Текебаев - 24 жылдан бери айтканынан кайтпай, беттегенин бербей келе жаткан инсан. Ууруларга чагылган болуп тийип жатат. Азамат. Эл да аны колдойт. Ал мени алдап кетет деп ойлобойм, анткени биз максатты бир коюп жатабыз. Менин максатым - анын максаты, анын максаты - менин максатым. “Ата Мекендин” Кыргызстанды түптөө, туруктуу өнүгүү багытын таап берүү, карапайым калкка жол көрсөтүү максаты “Улуттар биримдигинин” максаты болуп жатат. Ошол максатка жетүү үчүн кызматташып жатабыз. Жыгылган оогонго күлөт болуп, сатылып, тарпы чыгып, ыйманы калбаган саясатчылар Текебаев экөөбүзгө сын тагып жатышат. Өздөрүн билишсин”,- деп баса белгилейт Мырзакматов.кошулду
Мелис Мырзакматовдун жаңы видеокайрылуусу



