super.kg logo

Шайлообек Атазов: “Улуттар биримдигинин” башына оор күн түшкөндө биринчи болуп “Ата Мекен” кол сунган”

 

“Улуттар биримдигинин” 38 мүчөсү “Ата Мекен” партиясынын катарында шайлоого аттанууда. Бул тууралуу “Улуттар биримдиги” партиясынын мүчөсү, “Ата Мекендин” катарында парламенттин VI чакырылышына депутаттыкка бара жаткан Шайлообек Атазов билдирди.

“Улуттар биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматовго карата мыйзамсыз кылмыш иши козголуп, саясий чөйрөдө ага куугунтук жасалып, буту чалыштап турган маалда биринчилерден болуп аны “Ата Мекен” партиясы колдоп чыккандыгы, анан да өлкөнү алдыга карай өнүктүрүү, экономикалык, социалдык багыттагы программалары дал келгендиги жана башка себептер бул эки партиянын кызматташтыгына себеп болгон",- деди Атазов.

Партиянын маалымат кызматына таянсак, Ш.Атазов Жапалак аймагынын тарыхына токтолуп, бул жерден Фергана өрөөнүндөгү кыргыз элинин башын бириктирип, ырашкерлигин арттырууга эбегейсиз салым кошкон Курманжан датка чыккандыгын айтты.

“Курманжан датка аял болсо да, баатырларча жасаган эрдиги кыргыз элине гана эмес, дүйнөгө белгилүү. Ал өз уулун дарга асып жатканда өлүмдөн жалтанбай, тике кароого кеңеш берген. Бул жердин эли да чындыкка тике караган эл деп ойлойм”,- деди Атазов.

Мындан тышкары ал ушул эле Жапалак айылына Мелис Мырзакматов көп жардам берип, ушул аймактан 11 мекеменин жетекчилигине кадрларды даярдап чыккандыгын баса белгилегени айтылат маалыматта.

"Жапалактыктар негизинен жүгөрү, пахта айдап, дыйканчылыгын ушул багыттарда жүргүзүшөт. Ал эми ушу тапта эгин-тегин жыйноо жүрүп жаткандыгына карабай “ата мекенчилер” менен жолугушууга айыл калкынын басымдуу көпчүлүгү чогулду",- деп билдирет партиянын басма сөз кызматы.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: