super.kg logo

Жапалактыктар “Ата Мекенди” гана колдошорун билдиришти

 

Бүгүн, 27-сентябрда “Ата Мекен” партиясынын Жапалак айылынын жашоочулары менен жолугушуусунда “Интербилим” коомдук уюмунун төрайымы Гүлгаакы Мамасалиева “Ата Мекен” партиясынын Ош аймагында кадыр-баркы жогору, эл ишенимине арзыган партиялардын бири экендигине токтолуп, айылдаштарын аталган партияны шайлоого үндөдү. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы билдирди.

“Ата Мекен” - Ош аймагында көпчүлүк калктын колдоосуна ээ болгон партия, анткени оштуктар Мелис Мырзакматовду аябай жакшы көрүшөт. Анын Ош аймагы үчүн жасаган иштерин эл билет жана эч качан унутпайт. Кары-жашы дебей, баары бирдей сыйлагандыктан, аны колдошору айдан ачык. Ал эми анын партиясы бул шайлоого “Ата Мекен” менен бирге аттанууда. Демек, алар бир команда. Ошондуктан “Ата Мекен” партиясын колдоого милдеттүүбүз”,- деди ал.

Партиянын маалыматына ылайык, ушул эле жолугушууда аймактык аксакалдар да “Ата Мекенди” колдошорун бир добуштан билдиришти.

“Биз башкы нерсеге: Кыргызстаныбыздын жарандары өлкө тагдырын өзү чечкен туруктуу, демократиялык өлкө болушуна жетише алдык. Бул жетишкендиктин күнү оңойго турган жок. Демократиялык парламентаризм системин алып келген, кыргыз элинин келечек максаттарынын ишке ашышына шарттарды “Ата Мекен” партиясы түзгөнүн унутпашыбыз керек. “Ата Мекенге” ишеним артсак, ал мурдагыдай эле милдеттерин ар-намыстуулук менен аткара береринде шек жок”,- деди айыл аксакалы.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: