super.kg logo

Ажылык сапарда жүргөн кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын алгачкы тобу бүгүн кыргыз жерине келет

 
Ажылык сапарда жүргөн мамлекетибиздин жарандарынын алгачкы тобу бүгүн, 28-сентябрда Жидда-Ош каттамы аркылуу учуп келет. Бул тууралуу SUPER.KG'ге муфтияттан билдиришти. 
Басма сөз кызматынын өкүлүнүн билдиришинче, учак Ош шаарына кечке жуук келип конот. "Бүгүндөн тартып 15-октябрга чейин ажылыкта жүргөндөр кайтып келишет. Ушул аралыкта күн сайын бирден топ учуп келип турат",- деди басма сөз кызматкери. 
Ал эми 11-сентябрда Мекке шаарында ажылыктын шарттарын аткарып жүрүп каза болгон 71 жаштагы кыргыз жаранынын сөөгү туугандарынын макулдугу менен Сауд Арабиясында жерге берилгенин кошумчалады. 
"Аль-Харам" мечитине курулуштагы крандын кулашынан каза тапкандардын жана Мина өрөөнүндө тебелендиде калып каза болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок. 71 жаштагы жаран намазга даярданып жатып, өз ажалы менен көз жумду. Анын сөөгү ошол жакка жерге коюлду. Калган мекендештерибиз аман-эсен келе жатышат",- деди муфтияттын басма сөз кызматкери. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: