"Кудайберген" базарында тетик уурдаганга шектүү колго түштү
24-октябрда таңкы саат 8дерде Бишкек шаарынын “Кудайберген” базарындагы контейнердин жанынан белгисиз бирөөлөр автоунаанын 2500 сомдук арткы эшигин жана 8000 сомдук арткы каптал жагын уурдап кетишкен. Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынын 25-октябрда билдиришинче, кылмыштын изи сууй электе аймактык милиционерлердин ыкчам аракеттеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү делинип 42 жаштагы М.С. аттуу жаран колго түшүрүлгөн. Учурда иликтөө жүрүп жатат.
кошулду
Автор: Эльвира Караева
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.