super.kg logo
  Спорт  

Машыктыруучу Александр Крестинин улуттук курамга “Дордойдун” дагы 3 футболчусун чакырды

 
Динмухамед Таалайбеков (№28)
Авазбек Откеев (№29)
Даврон Аскаров (сары түстөгү формачан, №8)

Бүгүн, 28-сентябрда футбол боюнча улуттук курама команда Бишкекте машыгуу сборун баштады. 10 күн аралыгында команда Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында Тажикстан жана Бангладеш курамалары менен болчу беттешке даярданат. 

КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, акыркы күндөрү кеңейтилген курамда өзгөрүү болду. Башкы машыктыруучу Александр Крестинин жетектеген машыктыруучулар штабы курамдан Иван Филатов (“Алга” клубунун оюнчусу) менен Ильяз Алимовду четтетип, алардын ордун “Дордойдун” 3 оюнчусу менен толуктады. Алар: Даврон Аскаров, Авазбек Откеев жана Динмухамед Таалайбеков.

Кошумчалай кетсек, тандоо турунда улуттук курам 8-октябрда Тажикстан менен, 13-октябрда Бангладеш менен беттешет. Эки беттеш тең Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы стадиондо өтмөкчү.

 

Буга чейин жарыяланган кеңейтилген курам төмөнкүчө: 

Дарбазачылар: Матяш Павел ("Maziya Sports" клубу, Мальдив аралдары), Кашуба Валерий ("Худжанд", Тажикстан), Агапов Максим, Зинченко Максим ("Дордой"), Амиров Руслан ("Алга").

 

Коргоочулар: Самсалиев Талант, Тего Дениэл, Ажиниязов Марат, Шакиров Шерзот, Шератов Курсан, Байматов Азамат (баары "Дордой"), Кичин Валерий ("Тюмень", Орусия), Козубаев Тамирлан ("Гранитас", Литва), Майер Виктор ("SV Meppen", Германия), Умаров Акрам ("Абдыш-Ата"), Юсупов Мустафа ("Ала-Тоо").

 

Жарым коргоочулар: Бернхард Эдгар (“Prachuap”, Таиланд), Землянухин Антон ("Раднички" Сербия), Дүйшөбеков Бахтияр, Мусабеков Фархат (экөө тең "Абдыш-Ата"), Амиров Ильдар, Рустамов Турсунали, Сидоренко Павел (баары "Алга"), Сыдыков Азиз, Жыргалбек уулу Кайрат, Харченко Вадим, Шамшиев Ислам (баары "Дордой").

 

Чабуулчулар: Виталий Люкс ("Нюрнберг-2", Германия), Мирзалиев Алмаз, Тетте Дэвид (баары "Дордой"), Мурзаев Мирлан (“Afjet Afyonspor”, Түркия).  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: