super.kg logo

Борбор калаада бир катар уурулуктун бети ачылды

 

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 28-сентябрда борбордо катталган бир катар уурулук фактыларынын бети ачылганын кабарлады.

Маалыматка караганда, милицияга 54 жаштагы Ж.Жаныбек кайрылып, өспүрүм курактагы уулун Жумабек жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз балдар сабап, тоноп кетишкенин билдирген. Шектүү катары Биринчи Май РИИБи тарабынан 20 жаштагы С.Семетей менен 19 жаштагы Б.Ариет кармалышты. Ушундай эле арыз менен кайрылган К.Эрмек белгисиз адамдар күч колдонуп 15 миң сом акчасын жана уюлдук телефонун алып кетишкенин маалымдаган. Буга шектелип Н.Алинур кармалды. Мындан сырткары укук коргоо органдарына борбор калаанын 36 жаштагы тургуну С.Ыкывалхан кайрылган. Ал түнкүсүн белгисиз адамдар үйүнө кирип, телевизор менен сейфин уурдап кетишкенин айткан. Уурулукка шектелип Бишкек шаарынын 24 жаштагы тургуну М.Алтынбек колго түшүрүлдү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: