КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү кирди
4-мартта президент Алмазбек Атамбаев «КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» КРнын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 19-январында кабыл алынган. Мыйзам кылмыш-жаза кодексине жана администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жолу менен суу ресурстарына, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө мамлекеттик менчик укугуна кол салуучу кылмыштарды жана административдик укук бузууларды алдын алууга багытталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

