super.kg logo

Чыныбай Турсунбеков: "СДПК алдыдагы 5 жылга амбициялуу, бирок аткарыла турган милдеттерди койду"

 
"СДПК 2010-жылы элге берген убадаларын аткарды. Жакынкы жылдарга СДПК амбициялуу, бирок аткарыла турган милдеттерди койду",- деп билдирди аталган партиядан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Чыныбай Турсунбеков Баткен шаарынын тургундары менен жолугушууда. Партиянын маалымат кызматына таянсак, Турсунбеков башталган инфраструктуралык долбоорлор өз убагында ишке ашырыларын белгиледи. 
"Маанилүү долбоорлордун тизмесине трассаларды жана темир жолдорду, гидроэлектростанцияларын, көмөк чордондорду, сугат каналдарын, оорукана, мектеп, бала бакчаларды куруу иштери кирген",- деген талапкер бардык долбоорлор кыргыз өлкөсүн 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясына негизделгенин белгилеп, буларды кошумчалады:
"Башка партиялар куру убадаларды беришүүдө, бирок эл аларга ишенбей калган. Алар өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясында камтылган реформалар, долбоорлор тууралуу гана сөз кылышууда. Биз стратегияда камтылган долбоорлорду аягына чыгарууну көздөйбүз жана Кыргызстанды өнүктүрүүнүн жаңы орто мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгабыз". 

Материал СДПК саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: