super.kg logo

Мурат Жураев: “Ата Мекендин” Исфана үчүн жасай турган иштери көп”

 

Партиялардын шайлоо алдында бири-бирин каралоо, жыйындарына тоскоолдук жаратуу жана башка аракеттери адатка айланганын белгилеген “ата мекенчи” талапкер Мурат Жураев “Ата Мекен” партиясына каршы үгүт жүргүзгөндөр болуп жатканын айтат. Партиянын маалымат кызматына таянсак, талапкер бул тууралуу “Ата Мекендин” үгүт сапарынын алкагында партия мүчөлөрүнүн Лейлек районунун Исфана шаарындагы калк менен жолугушуусунда билдирди.

“Айрым жерлерде “Ата Мекен” партиясынын жыйындарын үзгүлтүккө учуратып, жарыктарды өчүрүп жатышат. Мен элиме "андай чагымчылдарды ээрчибегиле" деп айтар элем. Эгерде жерибизде өнүгүү-өсүү болсун десеңиздер жана коррупциясыз жаркын жашоо кааласаңыздар, бизди шайлаңыздар. Биз ишеничиңиздерди актайбыз. Буга кепилдик берем”,- деди Мурат Жураев.

"Ата мекенчи" талапкер катары Исфанага жасала турган иштерге кыскача токтолду.

“Ата Мекен” партиясынын Исфана шаары үчүн жасай турган иштери көп. Биз, эң башкысы, жолдорду оңдоп, арка зонадагы 126 чакырым түтүк аркылуу Лейлекке суу чыгарабыз. Демек, Самаркандек, Көк-Таш, Андарак талаалары сугат суу менен камсыздалат”,- деди Жураев.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: