Чехиялык бизнес чөйрөгө кыргыз жергесинде текстилдик өндүрүштү пайда кылуу сунушталды




Бүгүн, 28-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан биринчи кыргыз-чехиялык бизнес-форумда Экономика министрлигинин Инвестицияларды өнүктүрүү агенттигинин директору Алмаз Сазбаков чехиялык бизнес чөйрөгө кыргыз жергесинде текстилдик өндүрүштү пайда кылууну сунуштады. Сазбаковдун билдиришинче, бүгүнкү күндө 6 миллионго жакын калкы бар кыргыз жергесинде 150 миң адам тигүү тармагында эмгектенет.
“Жергиликтүү тигүүчүлөр кездемени Кытай жана Түркиядан импорттоп, бул жерден кийим тигип, кайра аны Казакстан жана Орусияга экспорттошот. Орусияда “Кыргызстанда жасалды” деген бренд популярдуулукка ээ. Мындан улам биз чехиялык ишкерлерди биздин өлкөдө текстилдик материалдарды чыгарууга үндөмөкчүбүз, анткени кыргыз жергесинде пахта өстүрүлөт жана кездемеге болгон суроо-талап чоң”,- деди Сазбаков.

