super.kg logo

Өмүрбек Текебаев: “Кыргызстан санариптик долбоор менен гана заманбап дүйнөгө интеграцияланат”

 

“Биз бүгүнкү күндө заманбап коммуникациялык технологияларды бардык жерге жайылтуу мамлекеттик маанидеги иш экенине ишенебиз. Биз бардык мектептерде, коомдук жайларда, мекемелерде интернетти эркин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн тез арада камсыздоонун зарылдыгын колдойбуз”,- деп билдирди “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн, 28-сентябрда Исфана шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда.

"Ата Мекендин" маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда Текебаев “Ата Мекен” партиясы “Санариптик Кыргызстан” аттуу актуалдуу улуттук долбоордун үстүндө иштеп жатканын жана аны кабыл алып, ишке киргизүүнү сунуштаарын билдирди. Айтымында, долбоордун маани-маңызы жалаң гана бардык өлкөнү жаңы коммуникациялык технологиялар менен камсыздоодо, “Электрондук өкмөттү” ишке киргизүүдө гана эмес, ошондой эле ыкчам маалыматтык, медициналык, билим берүүчүлүк кызмат көрсөтүүдө, мамлекеттик башкарууга, сатып алууларга, бир жакка баруу учурларында, добуш берүүдө жана жашоо-турмуштун башка чөйрөлөрүндө ишке киргизүүдө турат.

“Өлкөбүз санариптик долбоор менен гана заманбап дүйнөгө интеграцияланып, мамлекеттер ортосундагы экономикалык жана саясий атаандаштык доорунда жашап кете алат”,- дейт партия төрагасы.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: