super.kg logo

Жол-кайгуул кызматы: 3 саатта 89 жол эрежесин бузуу фактысы катталды

 
Байлардын балдары тарабынан жол эрежелерин бузуу фактылары көп катталып жатканына байланыштуу Жол-кайгуул кызматы атайын рейд жүргүздү. Натыйжада 3 сааттын ичинде 89 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу 28-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол эрежесин бузгандардын 12си катуу ылдамдыкта келе жаткан болсо, 9 айдоочунун документи жок экени белгилүү болгон. Жол эрежелерин бузгандардын арасынан унаасына жасалма мамлекеттик номер тагып жүргөнү да аныкталды. 19 унаа караңгылатылган терезе менен кармалса, 5 унаа айып жайына токтотулду. МАИчилерге баш ийбей унаасын токтотпогондорго, кызматкерлерди коркутуп-үркүтүүгө баргандарга чара көрүлдү.
ИИМдин Жол-кайгуул кызматы айдоочуларга жасаган кайрылууда: "Күн сайын жол кырсыгынан адамдар өмүрү менен кош айтышууда. Көп учурда жаш балдар каза болуп же олуттуу жаракат алышат. Рулга отургандан кийинки биринчи иретте өзүңүздүн абалыңызды караңыз. Андан кийин кадамдарыңызга жооп берүүгө даярсызбы? Эсиңизде болсун, сиз өзүңүздүн жана бирөөнүн өмүрү үчүн жоопкерчиликтүү болосуз!"- деп айтылат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: