super.kg logo

Бакыт Төрөбаев: "Биз бачабаздыкка каршы өлүм жазасын киргизебиз!"

 

"Өнүгүү-Прогресс" партиясы бачабаздыкка каршы өлүм жазасын киргизерин партиянын маалымат кызматы маалымдады. Партия төрагасы Бакыт Төрөбаевдин пикиринде, ушул чара гана республикадагы өспүрүмдөргө карата болгон зомбулук толкунун токтото алат.

“Соңку үч жылда балдарга карата сексуалдык кылмыштардын саны он эсе өскөн. 2011-жылы мындай кылмыштар 80 жолу катталса, 2014-жылы 900гө жеткен. Ар бир апта сайын аларды укук коргоо органдары каттап жатат. Биздин жарандар ондогон жылдар бою жумушсуз отуруп, турмуш-жашоонун начардыгы дагы алсыз болгон балдар менен аялдардан күч чыгарууга түрткү болууда. Аялдар нан табуу үчүн балдарын чогуу жашаган адамдарга, күйөөлөрүнө, туугандарына таштап кетүүгө аргасыз болуп жатышат. 

Ал эми мындай жолго баргандар эч качан жаза тартпай турганын билип жатышат, анткени ата-энелер үйдө болуп жаткан чыр-чатактарды сыртка чыгарбоо үчүн балдарын көндүрүшөт. Эгер зордук-зомбулук фактысы тийиштүү органдар тарабынан аныкталган күндө дагы, кылмышкерди темир тор артына отургузуу кыйынга турууда. Биздин коррупцияланган сот адилеттиги жана мунапыс системи аны канча бир жылдан кийин кайра эркиндикке чыгуусуна шарт түзүп жатат. Бул системге байланыштуу бир дагы бала өзүн коопсуз сезе албайт!”- дейт Төрөбаев. 

Партия жетекчиси балдарды коргоого алуу учурдун эң маанилүү талаптарынан экенин белгилейт. 

"Балаңды кордогон адам сен төлөгөн салыктан жашап жаткандыгында акыйкаттык барбы? Биздин сот адилеттиги кимди жазалап жатат? Кылмышкердиби? Жок, ал курмандык болгон адамды жазалап жатат!

Ооба, эл аралык институттардын сунуштамалары менен биздин өлкө мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, өлүм жазасын алып салды. Бирок конвенциядан чыкса болот. Өкмөт бул эл аралык аренада республиканын имиджине сокку уруп, көптөгөн эл аралык уюмдар жеңилдиктер менен насыяларды кыскартат деп кооптонууда...

Биз, "Өнүгүү-Прогресс" партиясы, балдарды коргойбуз, биз конвенциядан чыгууну демилгелейбиз жана бачабаздыкка каршы өлүм жазасын киргизебиз!”- деп билдирди Төрөбаев.

Материал "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 13 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: