super.kg logo

Бишкекте Эл аралык карылар күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү

 

Бишкектин Биринчи Май районунда Эл аралык карылар күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, салтанат Эл аралык карылар күнүнө арналган бир айлыктын алкагында өткөрүлдү. Ага Баатыр эне орденинин жана Эне даңкы медалынын ээлери чакырылган. Кеченин жүрүшүндө майрам ээлерине эстрада жылдыздарынын катышуусу менен концерт тартууланып, баалуу белектер тапшырылды. Район акими Аскербек Алиев энелерди келе жаткан Эл аралык карылар күнү менен куттуктап, алардын коомдогу ролун жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын баса белгилеп, узун өмүр жана чың ден соолук каалап өттү.  

Мындан тышкары бир айлыктын алкагында карылар үйүндө күн кечирип жүргөн апа-аталарга 20 миң сомго жардам көрсөтүлүп, ошондой эле райондун бир кылым карыткан 4 тургунуна 3 миң сомдон жардам берилет.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: