super.kg logo

Милиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийбеген эки адамга карата кылмыш иши козголду

 

Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген эки адамга карата "бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, 26-сентябрда Абдрахманов-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Жол-кайгуул кызматынын атайын батальонунун кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарып жатышкан. Саат 05:10до милиция кызматкерлерине эки адам келип, чыр чыгарып, ызылдаша кетишкен. Алардын бири милиция кызматкеринин погондорун жулуп, ур-токмокко алууга аракет жасаган. Андан соң чыр чыгарган адамдар Республикалык наркология борборуна жеткирилишкен. Экспертизанын жыйынтыгында алар мас абалда экени аныкталган.

"Чыр чыгарган 29 жаштагы К.Санатбек жана К.Канатбек убактылуу кармоочу жайга отургузулду. Аларга карата "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары уланууда",- деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: