Чүйдө унаа уурдоо фактыларынын бети ачылды
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 29-сентябрда унаа уурдоо фактысы боюнча эки кылмыштын бети ачылганын маалымдады.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Белгилүү болгондой, ушул жылдын январь айында Төмөнкү Ала-Арча айылынын жашоочусу М.М. милицияга кайрылып, короосуна токтотулган унаасын уурдап кетишкенин билдирген. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды.
Ошондой эле сентябрь айынын башында Шопоков шаарынын тургуну БМВ үлгүсүндөгү унаасы уурдалганын айткан. Анын унаасы кийинчерээк Романовка айылынан табылган. Бул кылмышка шектүү катары 18 жаштагы эки жаран колго түшүрүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.