Аламүдүн районунун айрым айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт
Бүгүн, 5-мартта саат 10:00дөн 17:00гө чейин Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө, Чоң-Таш, Төмөнкү Ала-Арча, Восток айылдарында, ошондой эле саат 11:00дөн 15:00гө чейин Бишкектин чыгыш тарабындагы Ак-Тилек, Дордой конуштарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Мындай өчүрүүлөр "Карагач", "Кыргызстанга 25 жыл" көмөк чордондорунан, ошондой эле "Орто-Алыш", "Нур" көмөк чордондорунан тараган аба чубалгыларын оңдоо иштерине байланыштуу болот.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

