Милицияга Жибек-Жолу көчөсүндө болгон кырсыктын күбөлөрүнүн жардамы керек болууда
27-сентябрда саат 16:20 чамасында Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндөгү №486-үйдүн жанында жол кырсыгына күбө болгондордун жардамы керек болууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, бул күнү аталган аймакта айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Кырсыктан улам 42 жаштагы айым бутунан жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
"Учурда Жол-кайгуул кызматы жөө адамды сүзүп кеткен айдоочуну аныктоо иштерин жүргүзүп жатат. Окуяга күбө болгондордон (0312) 53-22-33, (0312) 53-01-81 телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранабыз",- деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.