super.kg logo

Өмүрбек Текебаев: “Ата Мекен” Кыргызстанды эки жолу кыйроодон сактап калды”

 

“Ата Мекен" - социалисттик партия. Өз элин камкордукка алган, көйгөйлөрүн чечкен партия катары элге жакынбыз. “Ата Мекен” социалисттик партиясы түптөлгөндөн бери элге чын дилден кызмат кылып келет”. Мындай пикирди Өмүрбек Текебаев Баткен шаарында эл менен жолугушууда билдирди.

Партиянын маалымат кызматынан билдиришкендей, Текебаев 2005 жана 2010-жылы өлкө эки революцияны башынан кечиргенин, эки ирет тең “Ата Мекен” партиясы Кыргызстанды кыйроодон сактап калганын белгиледи.

“Кыргызстан баш аламандык менен кыйроонун чегинде турган шарттарда “ата мекенчилер” баштаган Жогорку Кеңеш жоопкерчиликти өзүнө алып, жагдайдан чыгуунун жолун чечишти. 2010-жылдагы оор кырдаалда Бакиевдин кандуу режими менен бирге анын бийлиги тамтыракайын чыгарган өкмөт, Жогорку Кеңеш, Конституциялык Сот, күч түзүмдөрү жана жергиликтүү администрациялар биротоло кыйрады. Нааразы болгон эл бүтүндөй өлкө боюнча бакиевдик бийликтин өкүлдөрүн сүрүп кетирди. Кыргызстан мамлекеттик бийликсиз калды. Апрелден июнга чейин республика боюнча провокаторлор менен реваншисттер козгогон жаңжалдар, баш аламандыктар орун алды. Аймактык жана улуттар аралык карама-каршылыктар күчөдү. Ошондо мамлекетти жана мыйзамдуу бийлик органдарын калыбына келтирүү милдетин кайрадан “Ата Мекен” өз моюнуна алды”,- деп кошумчалады Текебаев.

Партия лидери “Ата Мекен” башында туруп, Конституциялык кеңешме чакырууну жана Баш мыйзамдын жаңы редакциясы жөнүндө референдум өткөрүүнү сунуштаганын айтып: “2010-жылдын 27-июнундагы референдум Кыргызстандагы мамлекеттик бийликти калыбына келтирип, мыйзамдаштырды. Бул олуттуу маселени биз бир жарым айда чечүүгө үлгүрдүк. Натыйжада бөлүп-жарууга, жарандык согуш болуп кетүүсүнө жол берген жокпуз”,- деп билдирди.

“Ата мекенчилердин” үгүт сапары бүгүн Балыкчы шаарында уланары айтылды.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: