super.kg logo

Болот Шер: “Ата мекенчилерди күнөөлөштү, соттошту, жамандашты, бирок сындыра алышкан жок”

 

“Ата мекенчилердей” болуп бийликтен корпой-үркпөй, сес көрсөткөн бир да партия жок”,- деп билдирди Болот Шер “Ата Мекендин” мүчөлөрүнүн Баткен аймагындагы шайлоочулар менен жолугушуусунда. Партиянын маалымат кызматына таянсак, талапкер адилеттик, чындык үчүн иштеген партиянын аракеттерин көрө албагандар “ата мекенчилерди” мыйзамсыз, ак жеринен күнөөлөп соттошконун, баңги каражатын салып беришкенин, кылмыш иштерин козгошконун, кара пиар уюштурушуп жамандашканын, бирок сындыра алышпаганын белгиледи.

“Ата Мекен” өзү кармаган позициясынан, карапайым элди коргоодон артка тартпагандыгын, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү катары эл менен кыйын кезеңдерде бирге болгону үчүн сыймыктанарын айткан Болот Шер буларга токтолду:

“2010-жылга чейин саясат айдыңында “Ата Мекен” партиясынын атаандашы жок эле. Ал мезгилде эч бир партия биздин ордубузду басууну ойлогон эмес, анткени биз авторитардык өлкөдө оппозицияда болгонбуз, бизди кысымга алып, тынымсыз куугунтуктап келишкен. Ошого карабастан, “Ата Мекен” партиясына Акаевдин да, Бакиевдин да бийлигинен коркпогон, духу күчтүү, максаты бийик адамдар келишкен. Алар атак-даңк, арзыбаган аброй үчүн эмес, чындык жана адилеттүүлүк үчүн келишкен”.

Мындан тышкары "ата мекенчи" партияны колдоочуларга ыраазычылык билдирип: “Бизге карата кысым канчалык күчөгөн сайын болоттой курчудук. Кол салуулар көбөйгөн сайын катарыбыз бекемделип жатты. Ошол кыйын жылдары биз менен бирге күрөшкөндөргө ыраазычылык билдирем”,- дегени айтылат маалыматта.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: