Бишкекте жоголгон мектеп окуучусу Ырыскелди табылып, анын туугандары баланын кайда жүргөнүн айтып беришти

Бишкекте изделип жаткан 4-класстын окуучусу Ырыскелди Чаткалбеков табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына баланын туугандары билдиришти.
Автор: Нургазы Аматов
"Кечээ Ырыскелди мектептен чыгып, маршруттук таксиде уктап калыптыр. Ойгонгондо өзү билбеген жерге барып калган. Андан соң маршрутканын айдоочусуна адашып калганын айтып, "Бишкек-Парк" соода борборуна жеткирүүнү суранган экен. Анткени биз мурда аны бул жайда ойнотуп жүрчүбүз. Соода борборунун ичине кирип кыдырып жүрүптүр, бирок эч кимден жардам сурабаптыр. Анын уюлдук телефону жок болчу, бирок менин номеримди жакшы билчү.
Сыртка чыкканда аны жаш балдар жана алардын арасындагы Равшана аттуу кыз байкап, "Кечинде эмне жалгыз жүрөсүң?" деп сурашкан экен, Ырыскелди баарын түшүндүрүп бериптир. Ошол кыз "Акчаң барбы?" деп сураса, акчасы жок экенин айткан. Ошондо алар 20 сом беришиптир.
Андан соң суукта үшүгөндүктөн, бала таксисттен унаанын салонуна отуруп турууну сураныптыр. Салондо отуруп уктап калган экен, ойгонсо таксисттин үйүндө жатыптыр. Ошол таксист эртең менен аны кайра "Бишкек-Паркка" алып келген. Биз таң атпай бул соода борборунун айланасында издөөлөрдү жүргүзгөн элек. Анан кокустан Ырыскелдини бир унаа алып келгенин көрүп калдым. Ага эч ким тийишпегенин айтты. Денесинде эч кандай жаракаттар жок",- деди баланын жакын тууганы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
2

телефон номерин жатка билсе эмне анда бироонон же ошол эле таксистен чалып алайын деп сураган жок деген суроо келет.
Чон эле бала экен уйун жатка билиш керекко, жоголдум деп айтса бироо жарым боору ооруп жеткизип коймок.
Аягы жакшы бутконуно шугур
Орган сатуу дегенди бир уккан элем. Балдарды уурдап уктатып каалаган керектуу органын алып кайра нур(луч) аркылуу билдирбей коюшат экен деп.
Эми кудай анын бетин ары кылсын, кудай сактааа