Ош. Жапалак айылына биринчи жолу түтүктөр тартылып, газ берилди (фото)









Ош шаарындагы Жапалак айылына биринчи жолу газ түтүктөрү тартылып, айылдын төрт көчөсү газ менен камсыз болду. Бүгүн, 29-сентябрда иш-чарага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардагы бардык коммуналдык кызматтардын жетекчилери жана айыл эли катышканын Ош мэриясынан билдиришти.
Газ түтүктөрү айылдын 125 үйдү камтыган төрт көчөсүнө тартылып, жалпы узундугу 4 чакырымга жетти. Жалпы иш 10 миллион 700 миң сомго аткарылса, анын 2 миллион 500 миң сому жергиликтүү бюджеттен, калганы АРИС программасы тарабынан каржыланган.
Шаар башчысы октябрь айында аталган айыл толук бойдон газ менен камсыздала турганын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
2

Комментарийлер(5)
pirim77

29.09.2015. 15:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ош онуго бер. кадырбаевге ийигилик. ошту онуктуруп жатат балдар бакчасы мектеп жол, газ суу маселеин чечип жатат. буга элибиз кубо
kakebrat

29.09.2015. 15:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куурлар 7-8 жылдан бери тартылып Айтмамат Кадырбаев келги дери бар болчу,ал куурдун ичиндеги эле газ жок болчу чындыгында ошону улаптып коюптурда макул анысына да рахмат
deva

29.09.2015. 15:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин айылда да газ үтүктөрү бар Совет доорунан калган. Газ киргизип беришсе бетинен 5 эмес, 5миң жолу өпмөкмүн
Artyr1994

29.09.2015. 16:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озу шайлоо 2 жылда бир болуш к.к экен. Ошондо баардык Кыргызстан онугот. Ар партия акчасын тез чачып турат да.
pirim77

01.10.2015. 12:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куурлар бар болсо 20 жылдан беир кайсы жетекчи келип киргиздирип берди эле. акты ак деш керек. Жапалактыктар кубанып калдык. электр энергиясы кымбат учурунда газ келип женилдей туштук.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.