super.kg logo
  Саясат  

Президент карылар жана майыптар үчүн 6 социалдык мекемеге каржылык колдоо көрсөттү

 

Президент Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 29-сентябрда Карылардын эл аралык күнүн белгилөө алдында карылар жана майыптар үчүн социалдык 6 мекеменин жетекчилерине акча сертификаттарын тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө социалдык стационардык мекемелердин директорлору мекемелерди таза суу, керектүү тиричилик техникалары менен камсыз кылуу, ошондой эле имараттарын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча көйгөйлөрүн айтып беришти.

Алмазбек Атамбаев карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын стационардык мекемелериндеги көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон жардам көрсөтүү тапшырмасын берди.

Мамлекет башчысы карылар Кыргыз Республикасына эмгектеги жана согуштагы каармандыктын үлгүсүн көрсөткөн, акылкөй, чыныгы мекенчил, туулган жерин ардактаган адамдар экендигин баса белгиледи. “Алар өлкөнүн келечеги үчүн иштешкен. Бүгүн республикабыз сыймыктанган бардык жакшы нерселер алардын колунан жаралган. Биз аларга карыздарбыз, ар бир карыябыз камкордукту сезгидей иштерди жасаганга милдеттүүбүз”,- деп белгиледи Атамбаев.

Жалпы суммасы 4 миллион 900 миң сомго керектүү техникалык каражат жана турмуш-тиричилик техникасын сатып алуу үчүн сертификаттар төмөнкү мекемелерге тапшырылды: Төмөнкү Серафимовкадагы Карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык стационардык мекемеси; Бишкектеги Карылар жана майыптар үчүн шаардык социалдык стационардык мекеме; Бакай-Атадагы Карыларды жана майыптарды реабилитациялоо мүнөзүндөгү социалдык стационардык мекеме; Сүлүктүдөгү Карылар жана майыптар үчүн социалдык стационардык мекеме; Сузактагы Карылар жана майыптар үчүн социалдык стационардык мекеме; Токтогулдагы Карылар жана майыптар үчүн социалдык стационардык мекеме.

Андан тышкары аталган социалдык стационардык мекемелерге Карылардын эл аралык күнүнө байланыштуу майрамдык сый тамакты уюштуруу үчүн президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан жалпы суммасы 550 миң сомдук каржылык колдоо көрсөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: