super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз өлкөсүнүн экс-президенттери кол тийбестиктен айрылышы мүмкүн

 

Юстиция министрлиги кыргыз өлкөсүнүн мурунку президентинин кол тийбестигин жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Долбоордун негиздеме-маалым катында төмөнкүдөй түшүндүрмө берилет:

"Мамлекетибиздин экс-президенти үчүн укуктук, социалдык жана башка кепилдиктери "КРнын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамында белгиленген. Ага ылайык, өлкөнүн мурунку президенти кол тийбестик укугуна ээ. Ал КРнын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартылышы, ошондой эле кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес.

Мамлекетибиздин экс-президентинин кол тийбестик укугу ал ээлеген турак жайга жана кызматтык бөлмөлөргө, ал пайдаланган транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына да жайылтылат.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору менен экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу демилгеленүүдө.

Кол тийбестикти алып салуу - коррупцияга каршы күрөшүүнүн бир жолу, президенттин ордун ээлеген адамдар үчүн басаңдаткан фактор болорун айтып кетүү керек. Бул кийин мамлекеттин экономикалык өнүгүшүнө олуттуу залалын тийгизген жана жалпысынан коомчулуктун өнүгүшүнө тоскоолдуктарды алып келе турган бийлик ыйгарым укуктарды, расмий авторитет статусуна байланышкан мүмкүнчүлүктөрдү мыйзамга каршы келген өзүнүн жеке пайдасына колдонуу коркунучун болтурбоого мүмкүнчүлүк түзөт.

Ошого байланыштуу коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазалоодон кутула албастыкты камсыз кылуу максатында мыйзам долбоору менен тиешелүү өзгөртүү киргизүү сунушталып жатат".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: