super.kg logo

Жалал-Абадда айдоочу качып кетүүгө аракет кылып, жол-кайгуул кызматкерин унаасы менен бир канча аралыкка сүйрөдү

 
Сүрөт окуяга тийиштүү эмес

Жалал-Абадда айдоочу жол-кайгуул кызматкерин унаасы менен сүйрөдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан 29-сентябрда билдиришти.

Маалым болгондой, Жалал-Абад шаарындагы жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында кызматта турган жол-кайгуул кызматкери "Тагай-Бий" ресторанынын жанында 28-сентябрда саат 13:40 чамасында Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү кара түстөгү унаанын айдоочусунан документтерин сураган. Айдоочу мыйзамга баш ийбей, каршылык көрсөтүп, унаа эшиктерин жаап алган. Андан кийин от алдырып, качып кетүү максатында жол-кайгуул кызматкери тарапка айдаган. Ошол замат кызматкер унаасынын алдынкы бөлүгүнө илешип калган. Айдоочу аны унаасы менен катуу ылдамдыкта 265 метрдей сүйрөп, унааны бурганда кызматкер жерге кулап түшкөн. Айдоочу качып кетүүгө жетишкен. 

1981-жылы туулган А.Н. аттуу кызматкер башынан жаракат алып, Жалал-Абад облустук ооруканасына жеткирилген. Унаанын айнектери караңгылатылган абалда болуп, айдоочу көрүнгөн эмес.

Ошол эле күнү качып кеткен адам кармалып, Жалал-Абад шаарынын 1998-жылы туулган Т.А. аттуу тургуну болуп чыкты. Унаа убактылуу токтотуучу жайга киргизилди.

Ал адамга “бийлик өкүлүнө кол салуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу камакка алынды. Учурда тергөө иштери башталды. Кылган кылмыш ишине байланыштуу 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы каралат. 








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
29.09.2015. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Акыркы кундору жалан эле жаш балдарга унаа башкартып калышканбы ата энелер.
29.09.2015. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Качып каяка барат эле,штрафын толоп
тынч эле кете бербептир да.
29.09.2015. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
5 жылга камалсын, башкаларга сабак болот! Мыйзамды иштетиш керек жазылгандан кийин. Кыргызчылык кылып берген акчасын ала берсек Кыргызстан түк өнүкпөйт!
29.09.2015. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
олбой калды дегенде бир чиновниктин баласыго айдап жуургон машинесине караганда. бирок мыйзам баарына бирдей боолуп жазасыналыш керек
29.09.2015. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акчасын берет да,чыгып кетет,бул бир чиновик же байдын баласы,карапайым эле бала мындай жолго барбайт.
29.09.2015. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындай куракта балдар "от" болушат да, эч нерседен коркпогон. Ата-энеси куноолуу. Жазасын алышсын баары.
29.09.2015. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жазасын бериш керек... Кылган ишин кара, адамды тоготпой....
29.09.2015. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
МАИ кызматкери болуп иштеш деле коркунучтуу болуп калыптыр. кокус тиги МАИчи олуп калса не болот эле. ал да бир уй булоонун атасы болсо керек
29.09.2015. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Правасы жоктур да,качып кетем деп ойдогондур
29.09.2015. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жанын аябай, мумкун болушунча жабышкан, МАИчиге ДАНК! Ишине берилген кызматкерлер кобойо берсин! Олкобуздо Мыйзамдуулук орносун!
29.09.2015. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тан калыштуу илешип калгыдай эмне чач беле
30.09.2015. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
ХХХ ХХХ ХХХ... Адамдар силерге тушунбойм такыр. Когда менты кызматтык абалынан пайдаланып жонокоой эле адамга наркотик салып акчага сындырып или дагы бир деме кылса менттерди жамандайсынар. А когда жонокой адам ментке кол салса аны жамандайсынар? Неге???
Модератор admin_portal түзөттү 2015-09-30 09:40:08
30.09.2015. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
TOMMYHILFIGER, ...ошого...
30.09.2015. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TOMMYHILFIGER - эскертүү!
Кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
30.09.2015. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TOMMYHILFIGER, ошого никогда жаман нерсе кылбаш керек адам баласы!
30.09.2015. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jawtyk kylyptyrda bala
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: