Футбол боюнча улуттук курам Тажикстан жана Бангладеш курамаларына каршы беттешке даярдыгын баштады







Футбол боюнча улуттук курама команда 28-сентябрда Бишкекте машыгуу сборун баштады. Муну менен футболчулар октябрь айында орун алуучу Тажикстан жана Бангладешке каршы беттешке даярдык көрүшөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда Александр Крестининдин жетекчилиги астында 20 оюнчу машыгып жатат. “Дордойдун” жарым коргоочусу Даврон Аскаровдун ордуна Элхан Темирбаев улуттук курамга чакырылды.
Жакын арада командага Тамирлан Козубаев, Эдгар Бернхардт, Ильдар жана Руслан Амировдор, Мирлан Мурзаев, Виталий Люкс, Виктор Майер, Павел Матяш, Азамат Байматов жана Валерий Кичин сыяктуу оюнчулар келип кошулат.
Кошумчалай кетсек, футболчуларыбыз Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Тажикстан менен 8-октябрда, Бангладеш менен 13-октябрда кез келет. Беттештер Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы стадиондо орун алат. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
sirgak_92

29.09.2015. 17:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфо Антон Землянухин келет бекен
Mars55

29.09.2015. 17:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sirgak_92, оа келет окшойт
Kana.Saku

29.09.2015. 20:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Кыргызстан.
Ruslan_d

30.09.2015. 11:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга жигиттер!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.