Асылбек Жээнбеков: "Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка жетти"




"Кыргызстан акыркы төрт жылда энергетика, транспорт жана газ тармагында көз карандысыздыкка ээ болду. Коңшулар тарабынан Кыргызстанды кысымга алууга бул тармактар эми мүмкүндүк бербейт",- деп билдирди СДПКдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Асылбек Жээнбеков Кара-Кулжа районунун тургундары менен жолугушууда.
Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, талапкер "Датка-Кемин" электр линиясынын, айланып өтмө жолдордун курулушу жана рынокко "Газпром" компаниясынын кириши көз карандысыздыктын негизги индикатору экенин белгиледи. "Электр энергиясын жеткирүүдө эми биз коңшулардан көз карандысызбыз. "Датка-Кемин" долбоору электр энергиясын түштүктөн түндүккө өзүбүздүн линия аркылуу жеткирүүгө мүмкүндүк берет. "Газпром" компаниясынын келиши аркылуу газ менен 100 пайызга камсыздалды. Мындан тышкары өлкөнүн газ чарба тармагы жаңыланат, газ менен жабдылган аймактар кеңеймекчи",- деди Жээнбеков.
СДПКнын мүчөсү 4 жылда бир катар автоунаа жолдору курулганын, жарандар Өзбекстан жана Тажикстандын чек арасын кесип өтпөй калганын кошумчалаганы айтылат маалыматта.
Материал СДПК саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
7:29
2015-10-03
2:21
2015-10-03

23:53
2015-10-02

Рейтинг:
0

