Өмүрбек Текебаев: “Ата Мекен” менталитети, маданияты менен дүйнөнүн төрт бурчунда жүрө алган жаңы адамды калыптандырууну максат кылат”



“Ата Мекен” партиясы улуттук идеология элдик идеологиянын базасында болуш керек деп эсептейт. Ал эми элдик идеология деген – биз, биздин каада-салтыбыз, маданиятыбыз, тарыхыбыз”. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн баш калаадагы “Манас” кинотеатрында маданият ишмерлери менен болгон жолугушуусунда билдирди.
Анын айтымында, улуттук идеология конкреттүү элди, адамды камсыздандырганга, адамдын оюн, керектөөсүн жана экономикалык, маданий кызыкчылыктарды канааттандырыш үчүн керек.
“Ата Мекен” партиясы өзүнүн эң масштабдуу, негизги миссиясы катары жаңы адамды калыптандыруу маселесин койгон. Бул амбициялуу долбоор. Мындай долбоорду дүйнөдө аз эле партиялар койгон. Советтер Союзунун Коммунисттер партиясы, анан Кытайдын Коммунисттер партиясы "адамды түп-тамырынан өзгөртө турган жаңы стандарттарды, интеллектти пайда кылыш керек" деген максат менен иш алып барган”,- деди Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев “Ата Мекен” партиясы дал ошондой маселени – жаңы саясий маданият, жаңы менталитет, таптакыр жаңы адам: сабаттуу, намыстуу, эркиндикти сүйгөн, билимдүү, мобилдүү, дүйнөнүн төрт бурчунда жүргөн жаңы адамды калыптандырууну максат кылып койгондугун жана мунун артында беш жылдан бери иштеп келе жаткандыгын айтты.
“Ал жаңы адам жок жерден калыптанбайт, жок жерден пайда болбойт, анын тарыхы болот. Ал биздин өзүбүздүн маданиятыбызга, тарыхыбызга, менталитетибизге негизделген. Биз маданиятка мамлекет көңүл буруш керек деген приоритетти өзүбүздүн программабызга киргизгенбиз”,- деп кошумчалады ал.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



