Чыгармачыл интеллигенция да “Ата Мекенди” колдойт



Бүгүн “Манас” кинотеатрында “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев чыгармачыл элитанын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга “ата мекенчи” талапкерлер Медеткан Шеримкулов, Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз катышты. Ошондой эле жазуучулар, кинематографисттер, кино жана театр ишмерлери, айтыш өнөрүнүн ээлери жана башка бир катар чыгармачыл инсандар да болушту.
Жолугушууда Өмүрбек Текебаев партиянын программасына токтолуп, анда бүгүнкү кырдаалга дал келе турган жаңы муунду тарбиялоо партиянын негизги миссиясы катары камтылгандыгын белгиледи.
Ал эми Медеткан Шеримкулов Совет доору өзүнүн мезгилин өтөп кеткенден кийин мамлекетибиздин чыгармачыл интеллигенциясы коомдо өзүнүн ордун табуу маселесинде оор кырдаалга тушуккандыгына токтолду.
“Чындыгында, биздин жаңы түзүлгөн мамлекетибиз чыгармачыл интеллигенция үчүн жеткиликтүү көңүл бура алган жок. Ал эми интеллигенция өзүнүн акыл-эси менен иштеген адамдар жаңы курулуп келе жаткан коомго - рынок экономикасына даяр эмес экенин көргөзүп койду. Ошондуктан бизде мен-мен деген жазуучуларыбыз, журналисттерибиз, кинематографисттерибиз, окумуштууларыбыз өзүнүн ордун таап, коом өзгөрүп жаткандагы күчүн, акылын, билимин мамлекетке жумшай албай калышты. Бул ошол мезгилдеги өкмөт менен коомдун ортосундагы ажырымдын негизи болду”,- деди ал.
Ал мамлекет чыгармачыл интеллигенцияга көңүл бурушу, кам көрүшү керек жана аларга шарт түзүп бериши зарыл, ал эми интеллигенция коомго жана мамлекетке иштеши, коомдун өсүшүнө жараша мамлекеттин кыйынчылыктарын аркалап, ошону тең бөлүшкөнгө аракет кылышы абзел деп эсептейт.
Садык Шер-Нияз болсо алдыдагы шайлоонун мааниси туурасында айтып өттү. Өз кезегинде маданият ишмерлерин “Ата Мекенди” шайлоого үндөдү. Бул партиянын чыгармачыл чөйрө үчүн жасай турган иштери арбын экенин жана улуттук маданиятты, рухий дөөлөттөрдү жана башкаларды өнүктүрүү багытында иштиктүү максаттары бар экендигин айтат ал.
Жолугушуунун соңунда чыгармачыл бирикмелер: КРнын Жазуучулар бирикмеси, төрагасы А.Рыскулов, Композиторлор бирикмеси, төрагасы Т.Чокиев, Театр ишмерлеринин бирикмеси, төрагасы Ж.Кулмамбетов, Архитекторлор бирикмеси, төрагасы Э.Бекташев, Сүрөтчүлөр бирикмеси, төрагасы Т.Усубалиев жана Кинематографисттер бирикмеси, төрагасы Садык Шер-Нияз менен “Ата Мекен” социалисттик партиясы КРнын маданиятынын, анын ичинде театр, сүрөт өнөрү, музыкасын жана адабиятын көтөрүү, рухун пропагандалап, элге кеңири жайылтуу максатында кызматташтыкка кол коюшту.
кошулду



