Биринчи Май райондук сотунда Камчыбек Ташиевдин маселеси каралууда

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда "Республика - Ата Журт" партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиевдин БШК тарабынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгарылышы мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин караган соттук отурум башталды.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын кызыкчылыктарын комиссиянын мүчөсү Рашид Бекбасаров, "Республика-Ата Журт" партиясы тарабынан укук коргоочу Атыр Абдрахматова, Камчыбек Ташиевдин кызыкчылыктарын адвокат Жыргалбек Бабаев коргоп жатат. Соттук отурум судья Алмаз Калыбаедин төрагалыгы астында өтүүдө.
Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев 26-сентябрда пикир келишпестиктин айынан "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын өкүлүн сабап салганы жарыяланган. Факт боюнча кылмыш иши ачылып, териштирүү жүрүп жатканы айтылган эле. 28-сентябрда БШК Камчыбек Ташиевди талапкерлердин тизмесинен чыгарып салган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
Рейтинг:
0

