Аскерде каза болгон жоокерлердин ата-энелери Ак үй алдында митинг өткөрүшүүдө (фото)





Аскерде жүрүп каза болгон 3 жоокердин ата-энелери бүгүн, 30-сентябрда Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Нааразычылыкка чыккандар балдарынын өлүмүнө күнөөлүүлөрдүн жазага тартылуусун талап кылып жатышат. Ошондой эле президенттен каза болгон балдарынын иши боюнча тергөө иштерине көңүл буруусун өтүнүшүүдө. Учурда 15ке чукул ата-эне колдоруна “Биз мамлекетке ишенгенбиз”, “Акыйкаттык керек”, “Адилеттик орнотулсун”, деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушат. Алар балдарынын өлүмү боюнча тергөө иштери калыс жүрбөй жатканын айтышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

http://www.super.kg/article/show/32011
толук маалымат.
Акыйкат жот бизде