super.kg logo

Жоомарт Сапарбаев: “Сот системин толук өзгөртүп, жаңы заманбап систем киргизүү керек”

 

“Биз кыялданып сунуш кылып жаткан программалар, концепциялар ишке ашуусу үчүн эң башкысы Кыргызстанда адилеттүү сот системин түзүү зарыл”. Мындай пикирди “Ата Мекен” партиясынан жаш талапкер Жоомарт Сапарбаев билдиргенин партиянын маалымат кызматы кабарлады.

Талапкер белгилегендей, “Ата Мекен” партиясы 20 жылдан бери өлкөдө сот системинде ири реформа кылуу керектигин айтып, сунуштап келе жатат.

“Эгерде биз азыркы түзүлүп калган сот системин жоюп, толугу менен реформа кылбасак, анда экономиканы өстүрүү, социалдык маселелерди чечүү, коррупция менен күрөшүү жана башкалардын баары жокко чыгат”,- дейт Сапарбаев.

"Ата мекенчи" адамдын чөнтөгүнүн чоңуна жана кичинесине карабастан, мыйзамда жазылган тартипте өзүнүн укугун коргоп алуу мүмкүнчүлүгүн толугу менен түзүп берүү, макамына, кедей, байына карабастан, Кыргызстандагы бардык маселелерди чечүүгө чоң түрткү болушу үчүн азыркы калыптанып калган сот системин толугу менен өзгөртүп, жаңы заманбап систем киргизүү керектигин белгилейт.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: