super.kg logo

Аксыда партиялардын биринин баннерин уурдап бараткан адам кармалды

 

Аксы райондук милициясы 28-сентябрда саат 23:50 чамасында Кербен шаарында партиялардын биринин баннерин дубалга илинген жеринен чечип уурдап бараткан адамды кармады. Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынын жетекчиси Мыктыбек Турдубеков SUPER.KG`ге билдиргендей, кармалган жаран баннерди үйүнүн короосун тосууга пайдалануу үчүн уурдаганын айтууда. 

"Факт Аксы РИИБинин кылмыштарды каттоо китебине катталып, кылмышка шектүү Д.С.Ш. аттуу жарандын үстүнөн кылмыш иши козголду. Шектүү жаран РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө",- деп билдирди Турдубеков.

Маалыматка таянсак, парламенттик шайлоого карата үгүт кампаниясы учурунда Жалал-Абад облусунда 8 мыйзам бузуу фактысы катталган, мунун көбү баннерлерди уурдоо кылмыштары. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
30.09.2015. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кайсы партиянын баннери болду экен. Бийликтеги партиялардын бириники го,жөнөкөй парияныкы болгондо чара колдонулбайт эле.Тууганым дагы бир аз күтө турганыңда Аксыдагы бүт баннерлерди алып кетмексиң. Бир чети күлкүлүү,бир чети таң кала турган окуя болуптур.
30.09.2015. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
уурдабай эле сурап корбопсунда шайлоодон кийин алайын деп
30.09.2015. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Короону тоспой эле койгон оң, шамалда айрылып калат, бекер убара )))) Андан көрө жыйналган чөп, тезек, тактайларды, кирпичтин үстүн ж.б. жаап койгонго жарамак ))))
30.09.2015. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыл жериндеги элеттерге, ушул коруншко тан калуунун кереги канча...? Ошол баннерге кеткен акчага жардам иретинде, партиялар коп адамдарга сооп иштерди жасашса болмок... Эгер шайлоочу, чын журогунон шайлай турган партиясын, "баннерсиз" эле (б.а. эч кандай корнок жарнак, ошол партиянын номери, суротун корбой туруп) шайлайт. Негизи тынч эле отсо экен ушул шайлообуз....)
adjo_krsu түзөттү 2015-09-30 13:39:12
30.09.2015. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кичине кутуш керек эле 4кун
30.09.2015. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аа байкуш уят болупсунда айылдаштарына
01.10.2015. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч болбосо короо тоскону жарасында баннер.Бекер эле эртен таштандыда калат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: