Чыныбай Турсунбеков: "СДПК депутаттардын негизги артыкчылыгы - кол тийбестикти жоёт"
СДПКдан 1-номер менен шайлоого талапкер болуп бараткан Чыныбай Турсунбеков СДПК депутаттардын негизги артыкчылыгы - депутаттык кол тийбестикти жоё турганын билдирди. Партиянын маалымат кызматына таянсак, талапкер 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ишинде депутаттарга түрдүү кылмыш иштери козголуп, Башкы прокуратура алардын кол тийбестигин алууну талап кылганда СДПК бир да жолу баш тартпаганын айтат.
"Конституцияны өзгөртпөш үчүн биз Жогорку Кеңештеги болочок кесиптештерибизге депутаттык башкы жеңилдиктен баш тартууну, кайсы бир депутатка карата шек жаралса, дайыма Башкы прокуратуранын талаптарын аткарууга милдеттенме алууну сунуштайбыз. Прокуратура менен соттун функцияларын өзүбүзгө алып албай, тергөөнүн жана соттун объективдүүлүгүн ойлошубуз керек. Ошондо депутаттык кол тийбестикти алуу боюнча бүгүнкү убадалар эмне экени түшүнүктүү болот",- деди Чыныбай Турсунбеков.
Материал СДПК саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
7:29
2015-10-03
2:21
2015-10-03

23:53
2015-10-02

Рейтинг:
-2

