super.kg logo

Уран Ботобеков: “Ата Мекен” мөңгүлөрдү бузууга уруксат бербей, Кыргызстанды экологиялык катастрофадан сактап калды"

 

“Акыркы жыйырма жылдан бери “Ата Мекен” партиясы “Кумтөр” маселесин элдин кызыкчылыгы үчүн чечүү жана мөңгүлөрдү сактоо үчүн күрөшүп келди. Өмүрбек Текебаев “Кумтөр” көйгөйүн чечүү үчүн “Ата Мекен” партиясы улутташтыруу мүмкүнчүлүгүн четке какпайт деп баса белгилеген”,- деп билдирди “Улуттар биримдиги” партиясынын төрагасынын орун басары Уран Ботобеков.

Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, Ботобеков “Ата Мекен” партиясынын саясий платформасында жаратылыш кен байлыктары Кыргызстандын калкына тиешелүү экени баса белгиленгенин айтат. 

"Ошондон улам Өмүрбек Текебаев башында турган комиссия 2010-жылы жаңы Конституцияны иштеп чыгууда "жер, анын кен байлыктары жана жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын гана менчигинде болот" деген норманы киргизүүгө жетишти”,- дейт Ботобеков.

Партия өкүлү “Ата Мекен” партиясы 5 жыл бою Жогорку Кеңеште "Кумтөр" маселесин көтөрүп, аны элдин кызыкчылыгы үчүн чечүүгө аракет жасаганын, бирок өкмөттү кураган коалициялык көпчүлүктө бул боюнча бир пикир болбогонун белгилейт. 

"Коалициядагы “Ата Мекенден” башка партиялар "Кумтөрдү" улутташтырууга караманча каршы чыгышты. Ошондой кырдаалда премьер-министр Жоомарт Оторбаев компромисстик жолду – “Центерранын” Директорлор кеңешин Кыргызстандын пайдасына өзгөртүүнү сунуштаган эле. Бул эң оптималдуу вариант болчу. Бирок Оторбаевдин бул сунушуна Аткинсондун адвокатына айланган кээ бир кыргыз чиновниктери, “Центерранын” кыргыз парламентиндеги “достору” бут тосуп коюшту. Оторбаев намысы бийик инсан катары отставкага кетти. 

“Центерра” болсо Аткинсонду кайрадан кийинки 5 жылга жетекчи кылып шайлап алып, Кыргызстандын кызыкчылыгын көз көрүнөө тебелеп жатат. Мындан ким утту? "Кумтөрдөгү" мафия утту! Кыргызстан уткан жок, утулду!"- деп билдирди Ботобеков. 

Суу кодексине өзгөртүү киргизебиз деген өкмөттүн сунушун “Ата Мекен” партиясы четке кагып, мөңгүлөрдү сактап калууга жетишкени айтылат маалыматта. 

"Өкмөттүн демилгесине каршы чыгуу менен “Ата Мекен” партиясы Кыргызстанды чоң экологиялык катастрофадан сактап калды. Мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон бул кадамы менен Өмүрбек Текебаев башкаруучу коалициядагы мүчөлөрдүн нааразычылыгын жаратса да, улуттук тарыхыбыздын алтын барагына жазылып калган чоң эрдик жасады. “Ата Мекен” партиясы мындан ары да “Кумтөрдөгү” коррупциялык схемаларды жоюу, аны калктын кызыкчылыгына иштетүү жана Кыргызстандын баа жеткис байлыгы болгон ак мөңгүлөрдү сактап калуу үчүн акыйкат күрөшүн уланта берет деп ишенем”,- деди Ботобеков.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 

 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: