super.kg logo
  Саясат  

Рита Карасартова: “Партиялар берген убадалар аткарылат деп эч ким кепилдик бербейт”

 

“Шайлоо астында партиялар ар кандай убадаларды бере беришет, бирок алар аткарылат деп эч ким кепилдик бербейт”. Мындай пикирди бүгүн, 30-сентябрда маалымат жыйынында коомдук ишмер Рита Карасартова билдирди.

Учурда айрым саясий партиялар “депутаттардын артыкчылыгын жоюу декларациясынын бизге кереги жок, анткени ал биздин программада жазылган” дешүүдө. Бирок биз жакшы билебиз, депутаттар бийликке келгенде шайлоо астындагы айтылган убадалары боюнча “биз демилгеледик, бирок бизди эч ким колдобой койду” деп кутулуп кетишет. Ал эми декларация такыр башка нерсе, анын аткарылышын эл көзөмөлгө алат.

Декларацияда жазылган пункттардын бири - эки жолу депутат болгон эл өкүлдөрүнүн персоналдык пенсияларын жоюу. Бүгүнкү күндө бир чакырылышта 120 депутат эмес, 600 депутат иштеп кетип жатканын көрүп жатабыз. Бир-эки ай иштеп, кийин ал депутат эмнеге көлөмү чоң болгон персоналдык пенсия алышы керек? Депутаттар, силер элита эмессиңер, силер деле кадимки пенсияга чыккан жарандай акча алышыңар керек. Эл өкүлдөрү эл жашаган жашоо менен жашашы керек”,- дейт коомдук ишмер. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: