Туратбек Мадылбеков: “Ата Мекен” эч качан аткарылбай турган убада бербейт”



“Ата Мекен” партиясынын өзүнүн максаттуу программасы бар, бул убакыт менен далилденет. 2010-жылы биздин партия уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү тууралуу биринчилерден болуп айткан. Анда бул боюнча бир да партия айткан эмес, анткени уюшкан кылмыштуу чөйрөдөн баары коркушкан. А биз болсо коркпой-үркпөй, коррупция менен да ачык күрөшөбүз деп ачык айттык”,- деп билдирди Туратбек Мадылбеков бүгүн, 30-сентябрда “Ата Мекендин” үгүт сапарынын алкагында Сокулук районунун шайлоочулары менен жолугушууда.
Партиянын маалымат кызматы билдиргендей, талапкер “Ата Мекен” өткөн шайлоодо берген убадаларынын баарын аткарганын белгиледи.
“Кылмыштуулук, коррупция менен күрөшүү иштери жүрдү. Ал тургай президент да коррупция менен күрөшүү керектигин түшүнүп, башталган ишке кол кабыш кылды. Тилекке каршы, иш токтоп калды. Буюрса, кайра жанданып, уланат”,- дейт Мадылбеков.
"Ата мекенчи" мурдагыга караганда коррупциянын таскагы кыйла басаңдап, коррупционерлер айбыгып калышканына, ал эми экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында аз болсо да иштер аткарылганына токтолду.
“Ата Мекен” партиясы эч качан аткара албай турган, пайдасыз убадаларды бербейт. Анан да "муну кылдым, тигини аткардым" деп эч качан көкүрөк какпайт. 24 жылдан бери өлкө үчүн жасап келген иштерибиз журтка белгилүү”,- деп кошумчалады ал.
Мындан тышкары талапкер депутат болуп калса, айрыкча, жер маселелери боюнча көйгөйлөрдү көтөрүп чыгарын, себеби жер бөлүштүрүүдө мыйзам бузуулар орун алып жатканын белгилейт.
“Карапайым эл калып, жең ичинен соодалашуу жүрүп, мыйзамсыз сатылып же жакындарына берилип жаткан учурлар көп. Бул айыл өкмөтүнүн деңгээлиндеги коррупциялык иштер. Буга чекит коюу керек”,- деди талапкер.
кошулду



