super.kg logo
  Саясат  

Камчыбек Ташиевди тизмеден чыгарууну сот мыйзамдуу деп тапты

 
Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "Республика - Ата Журт" партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиевди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамдуу деп тапты.
Бул жарандык иш боюнча соттук отурум судья Алмаз Калыбаевдин төрагалыгынын астында өттү. Отурумда Борбордук шайлоо комиссиясынын кызыкчылыктарын комиссиянын мүчөсү Рашид Бекбасаров коргоп жатты. Ал эми "Республика-Ата Журт" партиясынын кызыкчылыктарын үч юрист, Камчыбек Ташиевдикин адвокат Жыргалбек Бабаев коргоп жатты. 
Партиянын өкүлдөрү БШК теңдик принцибин бузуу, ыйгарым укуктарынан аша чабуу менен Ташиев боюнча чечим чыгарышканын айтышты. Ал эми комиссиянын атынан чыккан Бекбасаров К.Ташиевди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечим мыйзам чегинде кабыл алынганын билдирди.
Айта кетсек, К.Ташиев 26-сентябрда пикир келишпестиктин айынан "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын өкүлүн сабап салганы жарыяланган. Факт боюнча кылмыш иши ачылып, териштирүү жүрүп жатканы айтылган эле. 28-сентябрда БШК Камчыбек Ташиевди талапкерлердин тизмесинен чыгарып салган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: