Мугалимдер “Өнүгүү-Прогресс” партиясын колдошот

"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын маалымат кызматы "Кут билим" гезитинде "Шайлоодо кайсы партияга добуш бересиз?" деген сурамжылоонун жыйынтыгы чыгарылганын билдирди. Маалыматка таянсак, сурамжылоо 20-сентябрдан 27-сентябрга чейин жүргүзүлүп, ага жалпы 1137 адам катышкан.
Сурамжылоонун жыйынтыгында мугалимдер СДПКга 229 добуш, андан кийин эле эки добуш айырма менен "Өнүгүү-Прогресс" партиясына 227 добуш беришкени айтылды. Нарын облусунун орто мектебинин тарых сабагынан мугалими Назира Таабалдиева буларды билдирген:
"Алдыдагы шайлоодо мен "Өнүгүү-Прогресс" партиясына добуш берем, анткени бул партия эң алгач айылдарды, айыл чарбасын өнүктүрүүгө көңүл бурууда. Партиянын төрагасы Бакыт Төрөбаев элет жергесинде агрардык тармакты, мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча реалдуу чараларды көрүп жатат. Айыл үчүн бул эң негизгиси, анткени элет жериндеги ишмердүүлүктүн негизги түрлөрү - айыл чарбасы, малдын санын көбөйтүү. Ал айыл жергесинде ветеринардык лаборатория менен машина-тракторлор станцияларын, айыл чарба азык-түлүктөрүн сактай турган жайларды ачууну пландаштырып жатышат. Бул биздин фермерлер үчүн чоң жардам болмок".
Ош облусундагы орто мектептин биология боюнча мугалими Айгүл Садыкова: "Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон бери экономиканын өнүгүүсүнө жетише алган жокпуз. Бир эле саясатчылар бийликте отуруп, өз өлкөсүнө реалдуу жардам көрсөтө алышкан жок. Ошондуктан жаш, жаңы көз караштагы, өлкөнү каатчылыктан чыгара турган жана карапайым элдин жашоосун жакшырта турган саясатчыларга жол ачып берүүгө убакыт келди. Дал ушундай команданы мен башында Бакыт Төрөбаев турган "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан көрө алдым. Бул партия биздин жашоону өзгөртө аларына үмүт чоң",- деп билдирген.
Жалал-Абад облусундагы орто мектептин математика мугалими Назармат Үсөнов: "Мен партиялардын программалары менен жакындан таанышып көрдүм. Конкреттүү, өлкөнү өнүктүрүү боюнча так көз карашы жана концепциясы бир гана "Өнүгүү-Прогресс" партиясында экендигине ынандым. Аталган партия аймактарды өнүктүрүү боюнча реалдуу кадамдарды, экономиканын ар бир тармагын өнүктүрүү боюнча конкреттүү чараларды сунуштап жатат. Дагы бир айта турган жагдай, партия башкаларга караганда анчейин саясатташпаган жана анын негизги урааны - иштеш керек жана дагы бир ирет иштеш керек. Бизге элет жергесинин экономикасын өнүктүргөн, жумушчу орундарды камсыз кылган дал ушундай партия керек",- дейт.
Материал "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



