super.kg logo

Данияр Аттокуров: "СДПК Ысык-Көлгө 5 лыжа базасын ачууну пландап жатат"

 
Жогорку Кеңештин депутаттыгына СДПКдан талапкер Данияр Аттокуров Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, жолугушууда талапкер партиянын аткарган иштери тууралуу маалымат берип, элди СДПКнын саясий платформасы менен тааныштырды. 
Аттокуров туристтик тармактын кирешеси акыркы 5 жылда 2 эсе: 8 миллиард сомдон 19 миллиард сомго, шаарлардын жана айылдардын бюджети 940 миллион сомдон 1 миллиард 433 миллион сомго өскөнүн, облуста 38 мектеп курулуп, жолдорду оңдоо боюнча көптөгөн иштер жасалганын белгиледи. 
"Партиянын алдыдагы 5 жылга карата планында Ысык-Көл облусундагы курорттук аймактардын суу тазалоочу курулмаларын жаңылоо иштери каралган. Кийинки жылы Кызыл-Суу жана Дархан айылдарында суу түтүктөрүн жаңылоо иштери башталат, каржы булактары табылган",- деди Аттокуров. 
Талапкер тоо-лыжа тармагын өнүктүрүү боюнча партиянын долбоору Ысык-Көлдүн туризмин өнүктүрүүгө жаңы импульс берерин айтат. "Беш айга созулган кышкы туризмди өнүктүрүү жаңы иш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет, салык кирешелерин көбөйтөт. Инвестиция тартуу менен Ысык-Көл аймагына 5 тоо лыжа базасын ачууну пландап жатабыз",- дейт Аттокуров. 
Материал СДПК саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: