Жылнаама, 1-октябрь: Мындан 88 жыл мурун медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбет Мамакеев туулган

Мамбет Мамакеев Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы (1973), Республикалык хирургдар коомунун төрагасы (1980), ошондой эле Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу ордендери жана медалдар менен сыйланган.
* Мындан 107 жыл мурун, 1908-жылы Генри Форд өзүнүн Форд Лиззи автоунаасынын жаңы үлгүсүн сунуштаган. Арзан баадагы (850 доллар), бышык жана майга үнөмдүү бул унаа учурунда абдан популярдуу болгон. 1927-жылы бул үлгүдөгү 15 миллион даана автоунаа сатыкка чыккан.
* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы орусиялык театр жана кино актрисасы Чулпан Хаматова Татарстандын Казань шаарында инженердин үй-бүлөсүндө туулган. Чулпан мектепти аяктаган соң ата-энесинин каалоосу менен Казандагы Каржы-экономикалык институтуна тапшырган. Актриса болууну каалаган Чулпан жакындарынын каршы болгонуна карабай институтту таштап, Казандагы театралдык орто окуу жайга кирген. Кийин атактуу актриса болууну эңсеген Чулпан Хаматова Москвага аттанып, тилегине жеткен. Хаматованын алгачкы тартылган тасмасы “Бийчинин заманы” (“Время танцора”), ал эми атактуулукка алып келген тасма “Дүлөйлөрдүн өлкөсү” (“Страна глухих”) болгон.
* Мындан 21 жыл мурун, 1994-жылы Кыргыз Республикасы эгемендик алгандан кийинки биринчи жолку жаңжалдуу жалдап киши өлтүрүү аракети катталган. Бишкектин Турусбеков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Тянь-Шань" ресторанына гранатомёт атылып, жарылуудан Жигули автомашинасында отурган эки аял жаракат алышкан.


1-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.